«Климаттык кутуча» материалдар комплекти
«Климаттык кутуча» материалдар комлекти
«Климаттык кутуча» — бул мектеп окуучуларынын климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган инновациялык жана интерактивдүү окуу куралы жана программасы. БУУӨП тарабынан иштелип чыккан долбоор жөн гана билим бербестен, иш-аракеттерге да шыктандырат.
Долбоордун негизинде — климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча окутууну кызыктуу кылган материалдардын комлекти. Комлектке актуалдуу маалымат, чыгармачыл тапшырмалар, оюндар, викториналар, эксперименттер, ошондой эле мугалимдер жана педагогдор үчүн ресурстар камтылган.
2025-жылга карата топтом 17 тилде жеткиликтүү жана улуттук контекстти эске алуу менен 12 өлкөдө жана 3 региондо ылайыкташтырылган.
Loading