Билим берүү платформасы
Балдар жана жаштар үчүн
Педагогдор үчүн
Материалдардын комплекти
Класстан тышкары
Долбоордун географиясы
«Климаттык кутучага» кош келиңиздер!
Климаттын өзгөрүшү эми алыскы коркунуч эмес — ал биздин күнүмдүк реалдуулуктун бир бөлүгү болуп калды. Анын кесепеттери барган сайын дүйнө жүзү боюнча сезилип, масштабдуу болуп баратат. Бул кесепеттер күчөгөн сайын, жаш муун бүгүнкү күндө да, келечекте да кризисти чечүүдө активдүү роль ойношу керек. Мунун ачкычы билим берүү болуп саналат.
Дал ушул жерде “Климаттык кутуча» жардамга келет. БУУӨП тарабынан иштелип чыккан бул интерактивдүү жана динамикалык билим берүү программасы мектеп окуучуларына климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү изилдөөгө жана аларды чечүүгө кандай көмөк көрсөтө алышын түшүнүүгө жардам берет.
“Климаттык кутуча” материалдар комплекти ошондой эле “Климаттык викторинаны” камтыйт — климаттын өзгөрүшүнүн ар кандай аспектилери боюнча билимди текшерүү үчүн жооптун бир нече вариантын камтыган суроолор менен 100 карточка иштелип чыккан. Суроолор окуу куралынын үч негизги бөлүмүнө туура келген темалар боюнча топтоштурулган.
Мындан тышкары, материалдар комлектинде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин сүрөттөгөн плакаттар жана көмүртектин изин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча сунуштар камтылган.
Окуучуларды да, мугалимдерди да өсүп жаткан климаттык кризистин шартында активдүү аракеттерге шыктандыруу үчүн түзүлгөн интерактивдүү материалдардын жана деталдуу усулдук сунуштардын жыйнагы менен таанышып чыгыңыз.
«Климаттык кутуча» материалдар комплекти
Климаттын өзгөрүшүнүн себептерин, кесепеттерин жана чечимдерин камтыган “Климаттык кутуча” окуу колдонмосунун жардамы менен климаттын өзгөрүүсүнүн негизги темалары менен таанышыңыз. Ошондой эле топтомго дүйнөнүн булуң бурчундагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин көрсөткөн дүйнөлүк карта, кесепеттерди ыңгайлаштыруу жана жеңилдетүү боюнча плакаттар жана билимди текшерүү үчүн интерактивдүү викторина кирет.
Педагогдор үчүн
Климаттык билим берүүнү окуу программаңызга интеграциялоо боюнча кеңири нускама алыңыз: сабактын пландары, ошондой эле долбоорлордун идеялары жана класстан тышкаркы иш-чаралар. Бөлүм педагогдорду даярдоо үчүн усулдук колдонмону жана климаттык билим берүү жаатында квалификацияны жогорулатуу үчүн кошумча материалдарды камтыйт.
Толугураак окуу
Климаттык викториналар. Сиз климаттын өзгөрүшү жөнүндө көп билем деп ойлойсузбу? Климаттын өзгөрүүсү боюнча биздин интерактивдүү викториналардын жардамы менен билимиңизди текшериңиз! Негизги темаларды камтыган башка динамикалык жана кызыктуу материалдар менен – климаттын өзгөрүшүнүн себептеринен баштап практикалык чечимдерге чейин таанышып чыгыңыз…
Иш-чаралар жана окуялар
Климаттык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган семинарлар, тренингдер, конкурстар жана башка кызыктуу иш-чаралар менен кабардар болуп туруңуз. Жаңылануурларга байкоо жүргүзүп, алдыдагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билип туруңуз. Иш-чараларыбыздын мыкты учурларын көрсөткөн акыркы сүрөттөрдү жана видеолорду көрүңүз.
Билимиңизди текшериңиз
Климаттын өзгөрүшү жөнүндө көп нерсени билем деп ойлойсузбу? Биздин климаттык викторина менен өзүңүздү сынап көрүңүз! Бул кызыктуу тест климаттын өзгөрүшүнүн себептеринен жана кесепеттеринен практикалык чечимдерге чейинки эң маанилүү темаларды камтыйт.