Климаттык кутуча» окуу куралы

Климаттык кутуча» окуу куралы

“Климаттык кутуча” комплектинин негизги бөлүгү климаттын өзгөрүшү, анын кесепеттери жана көмүртектин изин азайтуу жана сөзсүз өзгөрүүлөргө көнүү боюнча илимий жактан негизделген маалыматтарды камтыган иллюстрацияланган окуу куралы болуп саналат. Окуу куралы ошондой эле мугалимдерге окуу планында бул материалдарды натыйжалуу колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү берет.

«Климаттык кутуча» окуу куралы төрт бөлүктөн турат:  

Климаттын негиздери: климаттын ар кандай типтери жана климаттык алкактар, миллиондогон жылдар ичиндеги жана бүгүнкү күнгө чейин климаттын өзгөрүшүнүн тарыхы жана бул өзгөрүүлөрдүн себептери менен тааныштырат. 

Климаттын өзгөрүшү жаратылышка жана адамдарга тийгизген таасиринин кеңири спектрин карайт. Климаттын өзгөрүшү аба ырайынын өзгөрүшү, экосистеманын өзгөрүшү, айыл чарба, суу ресурстары, жээк жана тоолуу аймактар, Арктика, шаарлар жана адамдын ден соолугу менен кандай байланышта экенин түшүндүрөт. Ошондой эле маанилүү маселени көтөрөт: кантип жаңы чакырыктарга ыңгайлашып, өзгөрүлүп жаткан чөйрөдө туруктуу өнүксө болот.

Биздин турмуштагы энергиянын ролуна арналган. Кендер жана энергиянын жаңылануучу булактары, алардын артыкчылыктары жана кемчилдиктери каралат. Ошондой эле бөлүмдө энергияны үнөмдөө, жашыл транспорт, туруктуу курулуш жана көмүртек изин азайтууга жардам берүүчү практикалык кадамдар боюнча темалары көтөрүлөт. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө глобалдык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө жана жаштардын ролуна өзгөчө көңүл бурулат.

Климаттын өзгөрүшү темаларын мектеп программасына интеграциялоо боюнча мугалимдер үчүн жалпы көрсөтмөлөрдү камтыйт. Ар кандай предметтер жана курактык топтор үчүн мисалдар келтирилген.