«Климаттык кутуча» жөнүндө
«Климаттык кутуча» деген эмне?
”Климаттык кутуча” – бул жаш муундарды климаттын өзгөрүшү темасын изилдөөгө тартуу үчүн түзүлгөн интерактивдүү билим берүү комплекти. Климат илими, билим берүү жана балдар адабияты боюнча эксперттер тарабынан иштелип чыккан, ал окуу процессин кызыктуу, интерактивдүү жана глобалдык деңгээлде актуалдуу кылып, окурмандарды иш-аракетке жана өзгөрүүгө шыктандырат.
Бир өлкөдө башталган нерсе эл аралык программага айланды. Учурда «Климаттык кутуча» 17 тилде жеткиликтүү, ал эми анын түрлөрү Чыгыш Европа, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана андан тышкары мектеп программаларына жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган. Жаңы жаңыртуулар (2023-2026ж ж) андан да актуалдуу маалыматтарды камтыйт жана долбоордун Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө чейин жетет.
2025-жылга карата
«Климаттык кутуча» комлекти БУУнун бардык расмий тилдерин кошуп,
17 тилге
которулган.
Долбоорго
12 өлкө
кошулуп, регионалдык муктаждыктарды жана контекстти эске алуу менен “Климаттык кутуча” комлектин локалдаштырылган түрлөрүн иштеп чыгышты.
5 000ден
ашык мектеп климаттын өзгөрүшүн изилдөөгө балдарды жана жаштарды тартуу үчүн «Климаттык кутуча» комлектин колдонушат.
7 000ден
ашык педагог климаттын өзгөрүшү темасын окутуу жана иш-аракеттерге шыктандыруу үчүн “Климаттык кутуча” комлектин колдонуу менен окуудан өтүштү.
50 000ден
ашык мектеп окуучулары “Климаттык кутуча» комлектинин жардамы менен климаттын өзгөрүшү жөнүндө билишти.
«Климаттык кутуча» ким үчүн арналган?
Балдар жана жаштар үчүн:
Кызыктуу тапшырмалар, викториналар жана талкуулар климаттын өзгөрүшү жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана туруктуу жашоого үйрөтөт.
Мугалимдер жана педагогдор үчүн:
Климаттын актуалдуу маалыматтарына жана практикалык материалдарга жетүү климаттык билим берүүнү окуу жана андан тышкары процесстерине киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Ата-энелер жана коомдор үчүн:
Үй-бүлөңүзгө жана коомдорго климаттын өзгөрүшүн түшүнүүгө жана тиешелүү чараларды көрүүгө жардам бере турган иш-чараларга катышыңыз.
Мамлекеттик түзүмдөр үчүн:
Маалымдуулукту жогорулатуу жана улуттук же жергиликтүү климаттык иш-аракеттерди стимулдаштыруу үчүн материалдар комлектин колдонуңуз.
«Климаттык кутуча» эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
Комплекстүү жана интерактивдүү мамиле:
Климаттын өзгөрүшү темасында мектептер үчүн кызыктуу материалдар, иллюстрациялар жана практикалык тапшырмалар менен толтурулган алгачкы окуу куралы.
Эксперттер тарабынан түзүлгөн:
Климат таануучулардын, педагогдордун жана балдар адабиятынын авторлорунун дисциплиналар аралык командасы тарабынан иштелип чыккан.
Глобалдык жана жергиликтүү контент:
Дүйнө жүзүнүн мисалдарын, ошондой эле конкреттүү региондор үчүн ылайыкташкан материалдарды камтыйт.
Педагогдор үчүн ыңгайлуулук:
Климаттык билим берүүнү ар кандай окуу курсуна оңой интеграциялоо үчүн толук көрсөтмөлөрдү жана окуу материалдарын камтыйт.
Кеңири камтыйт:
17 тилде жеткиликтүү жана климат илиминин жаңы маалыматтары менен үзгүлтүксүз жаңыланып турат.
Климат дүйнөсүнө саякатыңды башта
“Климаттык кутуча” менен бирге глобалдык демилгенин бир бөлүгү болуңуз жана жооптуу, климатты ойлогон лидерлердин жаңы муунун калыптандырууга жардам бериңиз.
Толугураак билүү:
«Климаттык кутучанын» материалдары менен дароо сайттан таанышыңыз.
толугураак билүү үчүн долбоор жөнүндө видеону көрүңүз.